№104 2014-жылдын 3-августундагы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 23-июнундагы №22 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2014-жылдын 3-августунда өткөрүлдү. Шайлоону өткөрүү үчүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 5шайлоо округу жана 5 шайлоо участогу түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-июлундагы №90 токтомунун негизинде Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо №8110 Кара-Жыгач жана №8111 Майдан шайлоо участкаларында добуш берүүдө жана шайлоочулардын добуштарын автоматтуу түрдө эсептөөчү үкөктөргө сыноо жүргүзүлгөн. Натыйжада, №8111 Майдан шайлоо участкасында шайлоочулардын талапкерлерге берген добуштарын эсептөөдө, добуштарды автоматтуу түрдө эсептөөчү үкөктөн чыккан жыйынтык менен участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кол менен эсептеген жыйынтыгынын ортосунда айырмачылык чыккан. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө келип түшкөн протоколдордун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо процесстеринде автоматташтырылган системаларды сыноо жөнүндө” 2014-жылдын 4-июлундагы №90 токтомунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу 7 мандаттуу “Каражыгач”, 2 мандаттуу “Кароол”, 3 мандаттуу “Сары-Алтын”, 3 мандаттуу “Исамариям” шайлоо округдары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 2. №8111 Майдан шайлоо участкасында шайлоочулардын талапкерлерге берген добуштарын кайталап эсептөө жүргүзүлсүн. 3. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы добуштарды кайталап эсептөөнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзсүн. 4. №8111 Майдан шайлоо участкасында шайлоочулардын талапкерлерге берген добуштарын кайталап эсептөөгө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү жөнөтүлсүн. 5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ Г. ДЖУРАБАЕВА
Бишкек ш., 2014-жылдын 20-августу №104
|
Карап чыгуулар: (1505) |