МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№106 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  52-беренесине ылайык, талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттардын каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ырастамалары бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Аймактык шайлоо комиссияларынын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берсин.

7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                      Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 28-августу

№ 106

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 28-августундагы № 106 токтомунун 1-тиркемеси

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын  Ф.А.Ж.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун         № жана датасы

Жалал-Абад облусу 

Ала-Бука району

 

Ак-Там айылдык

Абдуллаев Каныбек Шаакеримович

Өз арызы, мамлекеттик кызматка дайындалган

№152,

15.12.2012-ж.

 

Жумабаев Хикматилла Носиржанович

Өз арызы

 

Гайипов Инамжан Хамдамбаевич

Өз арызы

Базар-Коргон району

 

Сейдикум айылдык

Атабекова Айнура Казыбековна

Муниципалдык кызматка дайындалган

№152,

15.12.2012-ж.

 

Арстанбап айылдык

Капаров  Абдурашит  Парпиваевич

Каза болгондугуна байланыштуу

Ош облусу

Ноокат району

 

Он-Эки-Бел айылдык

Турсункулов Кутманбек Эшмаматович

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№155, 15.12.2012-ж.

Араван району

 

Керме-Тоо айылдык

Гулжигитов Суюнбай Турдиевич

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№155,

15.12.2012-ж.

 

С.Юсупова атындагы айылдык

Мамасаидов Музафаржон Ташалиевич

Муниципалдык кызматка дайындалган

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 28-августундагы № 106 токтомунун 2-тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлеринин тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Жалал-Абад облусу

Ала-Бука району

 

Ак-Там айылдык

Мамбетов Өмүрбек Жумабекович

Жеке ишкер

№ 9, 22.08.2014-ж.

 

Жолдошов Нармырза

Ала-Бука райондук соцфонду, жетекчи

 

Бекменбетов Таалайбек Низамидинович

Н.Бекменбетов ат.орто мектеби, мугалим

Базар-Коргон району

 

Сейдикум айылдык

Даткаев Мырзабек Аширович

Убактылуу иштебейт

№ 29, 19.08.2014-ж.

 

Арстанбап айылдык

Маткадыров Арстанали Ашуралиевич

Убактылуу иштебейт

№ 30, 19.08.2014-ж.

Ош облусу

Ноокат району

 

Он-Эки-Бел айылдык

Жалилова Урмат Бакировна

И. Торокелдиев атындагы ФАП, акушерка

№35, 20.08.2014-ж.

Араван району

 

Керме-Тоо айылдык

Мирзаев Абдиманоп Рахмонович

“Кыргызпочта” ишканасынын бөлүмү, почтоочу

№5,

20.08.2014-ж.

 

С.Юсупова атындагы айылдык

Нурдинов Икболжон Мамиржанович

“Нурдин кари” дыйкан чарбасы, мүчө

 

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (1591)