МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№108 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 27-августундагы № 2/11 буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнүн башчысы Жалилов Т., Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 51 тескемеси менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы Манапбаев И.К. өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызмат ордуларынан бошотулган.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы № 102 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо талапкерлер зарыл болгон сандагы депутаттардын добуштарын алышпагандыктан айыл өкмөт башчысы шайланган эмес.

Ош областтык сотунун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 140-б буйругунун негизинде Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Холиков М.Х., Нарын областтык сотунун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 16-сентябрынады № 168-б буйругунун негизинде Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Сатындиев М.Д. кызмат ордуларынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49, 65-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 3-октябрына саат 10-00 дайындалсын.

2.Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 30-сентябрына саат 10-00 дайындалсын.

3.Лейлек, Жети-Өгүз, Ак-Талаа, Кадамжай, Ноокат, Араван аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

4.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                             Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 16-сентябры

 

№ 108 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

2014-жылдын 16-сентябрындагы

№ 108 токтомуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоороду өткөрүүнүн графиги

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы

Баткен облусу

Лейлек району

1.

Маргун

03.10.2014-ж., саат 10-00

Ысык-Көл облусу

Жети-Өгүз району

2.

Тамга

03.10.2014-ж., саат 10-00

Нарын облусу

Ак-Талаа району

3.

Тоголок-Молдо

03.10.2014-ж., саат 10-00

Баткен облусу

Кадамжай району

4.

Майдан

03.10.2014-ж., саат 10-00

Ош облусу

Ноокат району

5.

Кара-Таш

30.09.2014-ж., саат 10-00

Араван району

6.

Тепе-Коргон

03.10.2014-ж., саат 10-00

 

Карап чыгуулар: (1943)