№110 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө |
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 27-августундагы № 166-б тескемеси менен Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Д. Исаев өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 15-октябрына саат 10-00 дайындалсын. 2.Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун. 3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4.Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 26-сентябры № 110
|
Карап чыгуулар: (1908) |