МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№111 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Аймактык шайлоо комиссиялар «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  52-беренесине ылайык, талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын    6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ырастамалары ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Аймактык шайлоо комиссиялардын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.

7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                      Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 26-сентябры

№111

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 111 токтомунун 1-тиркемеси

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын  Ф.А.Ж.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун         № жана датасы

Жалал-Абад облусу 

Чаткал району

 

Сумсар айылдык

Ботобеков Осмонбек Кутманович

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№152,

15.12.2012-ж.

Жалал-Абад шаары

 

Жалал-Абад шаардык

Хажиматов Абдулажан Абдуманапович

Өз арызы

№152,

15.12.2012-ж.

Ала-Бука району

 

Т.Балтагулов атындагы айылдык

Надыров Адилбек Абдикаримович

Өз арызы

№152,

15.12.2012-ж.

Ош облусу

Ноокат району

 

Гулистан айылдык

Мамажанов Мухтаржан

Каза болгондугуна байланыштуу

№155, 15.12.2012-ж.

Өзгөн району

 

Кызыл-Тоо айылдык

Жусупалиев Бактыбек Осмонович

Себепсиз 6 жолу келген эмес

№155, 15.12.2012-ж.

Баткен облусу

Баткен шаары

 

Баткен шаардык

Айкынов Хаит Исраилович

Өз арызы, мамлекеттик кызматка дайындалган

№151, 15.12.2012-ж.

 

Алимова Махабат Ташбаевна

Өз арызы

 

Абдразакова Мубаракхан Жолдошевна

Өз арызы

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 111 токтомунун 2-тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлеринин тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Жалал-Абад облусу

Чаткал району

 

Сумсар айылдык

Мамадинов Мамбеткул

Шекафтар Республикалык кургак учук орууларына каршы күрөшүү ооруканасы, дарыгер

№ 11, 29.08.2014-ж.

Жалал-Абад шаары

 

Жалал-Абад шаардык

Нурумбетов Батырбек Джанышович

Убактылуу иштебейт

  № 9, 11.09.2014-ж.

Ала-Бука району

 

Т.Балтагулов атындагы айылдык

Садыков Болотбек Жоробекович

“Артык” д/чарбасы, мүчө

№11, 17.09.2014-ж.

Ош облусу

Ноокат району

 

Гулистан айылдык

Жораев Хакимжан Аминжанович

“АСИР” СПА, башчысы

№38, 29.08.2014-ж.

Өзгөн району

 

Кызыл-Тоо айылдык

Эргешов Нурланбек Исанович

Жеке ишкер

№25, 11.09.2014-ж.

Баткен облусу

Баткен шаары

 

Баткен шаардык

Касымалиева Назгул Талантбековна

Баткен ш. №3 орто мектеби, мугалим

№2, 16.09.2014-ж.

 

Калбаев Кубанычбек Тагайбердиевич

Баткен ш. ААК “Айыл Банк”, кредиттик эксперт

 

Абсаттарова Илимбубу Абдрахмановна

С.Айтматов ат. орто мектеби, мугалим

             

 

Карап чыгуулар: (1615)