МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№114 2014-жылдын 14-сентябрындагы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 26-июлундагы №146 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2014-жылдын 14-сентябрында өткөрүлгөн.

Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок түзүлгөн.

Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыгына байланышкан арыздар, даттануулар түшкөн эмес.

Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн протоколдордун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.

2. Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

3. Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын.

4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 26-сентябры

№114

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

2014-жылдын 26-сентябрындагы № 114 токтомуна тиркеме

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын тизмеси

 

Нарын облусу

Жумгал району

Көк-Ой айылдык кеңеши

9 мандаттуу “Көк-Ой” шайлоо округу боюнча

Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты

Шайлоочулардын талапкер үчүн берген добуштарынын саны

 
 
 

Кылычбек уулу Дастан

277

 
 

Кыргызбаев Мурат Султанбекович

275

 
 

Бердигулова Элмира Самаровна

272

 
 

Кудайбергенов Бакыт Асанканович

271

 
 

Асаналиев Автандил Букардинович

263

 
 

Моңошов Зарылбек Суйдуевич

251

 
 

Борушов Жоробек Омурканович

242

 
 

Омукеев Мурадил Кочорбаевич

240

 
 

Жапаров Афтандил Карыбекович

238

 

 

2 мандаттуу “Эмел-Арал” шайлоо округу боюнча

 

Акылбеков Чынарбек Асанбекович

99

 

Өмүров Ынтымак Тыныбекович

88

 

Карап чыгуулар: (1547)