№115 Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 65 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2014-жылдын 18-майында өткөрүлгөн. Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин шайлоосун өткөрүү үчүн "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык 4 көп мандаттуу округ жана 8 шайлоо участка түзүлгөн. 2014-жылдын 18-майында, № 5247 “Дыйкан-Кыштак-1”, № 5248 “Дыйкан-Кыштак-2”, жана № 5513 “Дыйкан-Кыштак-3” шайлоо участкаларында участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары-УШК) мүчөлөрү тарабынан мыйзам бузуулар болгондугу жөнүндө арыздар түшүп, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-БШК) 2014-жылдын 27-майындагы № 9 чечиминин негизинде Жумушчу топ түзүлүп, талапкерлердин, алардын өкүлдөрүнүн, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары-АШК) жана УШКнын мүчөлөрүнүн катышуусу менен № 5243 “Озгур”, № 5244 “Төлөйкөн”, № 5245 “Учар”, № 5246 “Кыргызстан”, № 5247 “Дыйкан-Кыштак-1”, № 5248 “Дыйкан-Кыштак-2”, № 5513 “Дыйкан-Кыштак-3”, № 5550 “Жапалак” шайлоо участкаларынын шайлоо документтери ачылып, добуш берген шайлоочулардын тизмелеринин абалын иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Иликтөө учурунда, шайлоонун жыйынтыктары боюнча протоколдо белгиленген маалыматтардан айырма табылган эмес. Бирок, бири-бирине окшош же добуш берген 205 шайлоочулардын окшош кол тамгалары коюлган фактылар аныкталган, анын ичинде № 5245 “Учар” участкасында - 88, № 5513 “Дыйкан-Кыштак-3” участкасында - 83, № 5550 “Жапалак” участкасында - 12, № 5248 “Дыйкан-Кыштак-2” участкасында - 11, № 5247 “Дыйкан-Кыштак-1” участкасында – 7 учурлары болгон. Бишкек шаардык ИИББнын эксперттик-криминалисттик бөлүмү тарабынан шайлоочулардын коюлган кол тамгаларын аныктоо иштерин жүргүзүү учурунда № 5245 “Учар” жана № 5513 “Дыйкан-Кыштак-3” шайлоо участкаларында 380 жана 359 кол тамгалар, бир нече адамдар тарабынан кайталанып коюлганы аныкталган. Ошол эле мезгилде, 2012-жылдан тартып 2014-жылынын 18-майына чейин № 5513 “Дыйкан-Кыштак-3” шайлоо участкасынын аймагында катталган шайлоочулардын арасынан өлкөнүн аймагынан чыгып жана кайра кайтып келбеген жарандар жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынан алынган. Текшерүү жүргүзүү учурунда, бир эле шайлоо участкасында ушундай 72 жаран аныкталган, алар добуш берген шайлоочулар катары белгиленген. 2014-жылдын 18-майында болуп өткөн Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарынын шайлоосунда шайлоочулардын тизмелеринин абалын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Жумушчу топтун маалымат катынын жана Бишкек шаардык ИИББнын эксперттик-криминалисттик бөлүмүнүн корутундусунун, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтарынын, ошондой эле, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана натыйжалары боюнча протоколдорунун негиздеринде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-июлундагы №91 токтому менен Кара-Суу АШКсынын 2014-жылдын 21-майындагы № 37 чечиминин № 5245 “Учар”, № 5550 “Жапалак”, № 5247 “Дыйкан-Кыштак-1”, № 5248 “Дыйкан-Кыштак-2”, № 5513 “Дыйкан-Кыштак-3” шайлоо участкаларында шайлоонун жыйынтыктары таанылсын деген бөлүгү жана аталган шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жана Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо “Учар” жана “Дыйкан-Кыштак” шайлоо округдары боюнча шайлоонун натыйжалары жараксыз деп табылып, жокко чыгарылган. Жогоруда белгиленген мыйзам бузууларга жол бергендиктери үчүн № 5245 “Учар”, № 5550 “Жапалак”, № 5247 “Дыйкан-Кыштак-1”, № 5248 “Дыйкан-Кыштак-2” жана № 5513 “Дыйкан-Кыштак-3” участкалык шайлоо комиссиялары таркатылып, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан аталган УШКдын жаңы курамдары түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 26-июлундагы №147 Жарлыгы менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын “Учар” жана “Дыйкан-Кыштак” шайлоо округдары боюнча кайра шайлоо 2014-жылдын 14-сентябрына дайындалып, өткөрүлгөн. Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын “Дыйкан-Кыштак” шайлоо округдары боюнча кайра шайлоодо №5248 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыгына карата мыйзам бузуулар боюнча 2014-жылдын 15-сентябрь күнү Кара-Суу АШКсына талапкерлерден (А. Осмонов, А. Абакиров, М. Токторбаев, Р. Абдыкалыков, Ж. Ажибеков, З. Зикираяев, М. Эрмеков) арыз келип түшкөн. Анын негизинде Кара-Суу АШКсы 2014-жылдын 17-сентябрында №5248 “Дыйкан-Кыштак-2” шайлоо участогунда добуштарды кайра эсептөө жүргүзүү жөнүндө №51 чечимин кабыл алынган. 2014-жылдын 20-сентябрында БШКнын 2 мүчөсүнүн катышуусунда добуштарды кайра эсептөө жүргүзүлүп, добуштарды эсептөөдө катачылыктар кетирилгендиги аныкталып, тиешелүү акт жана протокол түзүлгөн. Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн протоколдордун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-июлундагы №91 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 65, 2014-жылдын 26-июлундагы №147 Жарлыктарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 39, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын. 2. Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 3. Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын. 4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин. 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 26-сентябры №115
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 115 токтомуна тиркеме
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын тизмеси
Ош облусу Кара-Суу району Төлөйкөн айылдык кеңеши 8 мандаттуу “Төлөйкөн” шайлоо округу боюнча: 8 мандатуу “Учар” шайлоо округу боюнча: 5 мандатуу “Кыргызстан” шайлоо округу боюнча: 10 мандатуу “Дыйкан-Кыштак” шайлоо округу боюнча: 10.Закиров Арапжан |
Карап чыгуулар: (1590) |