МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№11Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына: «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан - А.П. Мустапакуловадан, А.Ш. Юсуповдон, С.Ч. Борбашевден,
К.Б. Бешимбаевден, Т. Б. Исакуновадан; «Ар-Намыс» саясий партиясынан - Д.Б. Мукамбетовдон, аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө түшкөн арыздарына байланыштуу, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин
2-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

  • Мустапакулова Айсулуу Пайгамбаркуловнанын, Юсупов Алишер Шавкатбековичтин, Борбашев Сарылбек Чойбековичтин, Бешимбаев Кабылбек Бешимбаевичтин, Исакунова Таалайкул Базаркуловнанын - «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан, Мукамбетов Джеенбек Батталовичтин - «Ар-Намыс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыздары канаатандырылсын.
  • Бул чечимдин көчүрмөсү арыз ээлерине берилсин.
  • Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын апаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
  •  

     

    Төраганын ыйгарым
    укуктарын аткаруучу                                             А. Шайымкулова

    Карап чыгуулар: (2076)