№163 «Республика-Ата Журт» саясий партиясынан түшкөн арыздарды каанаттадыруудан баш тартуу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан арыздар 2015-жылдын 26, 27-октябрында (кир. № 01-1/14-1928 п., № 01-1/14-1938 п.) түшкөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ж.А. Саматов тарабынан, ал Россия Федерациясынын жараны эместиги жөнүндөгү Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын катынын түп нускасы (2015-жылдын 2-ноябры, чыг. № МС-4/3-83159) берилген. Саматов Жыргалбек Алимбаевичте Россия Федерациясынын жарандыгы жок экендиги жөнүндө берилген далилдин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан 2015-жылдын 26, 27-октябрында келип түшкөн арыздар (кир. № 01-1/14-1928 п., № 01-1/14-1938 п.) канааттандыруусуз калтырылсын. 2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2015-жылдын 7-декабры № 163 |
Карап чыгуулар: (1599) |