МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№44 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6,7-пункттарына, 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 10-бөлүгүнүн 1, 2,6-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Л.П. Попованын, А.Ш. Ажыгуловдун  арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан комиссиянын мүчөсү Попова Людмила Павловна чыгарылсын -  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;

- комиссиянын курамына резервден Мусакунова Гульсара Курбановна киргизилсин - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;

- резервдин курамынан Ажигулов Абдынасыр Шамшидинович чыгарылсын - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

2. Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: Шамшидинова Бусафира Абдыкалыковна – “Либералдык-прогрессивдик партиясы” саясий партиясынан; Нышанбаев Канатбек Нуриллаевич – “Кыргызстан демократиялык кыймылы” саясий партиясынан; Бакыбекова Апиза Жунусовна – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;

- комиссиянын курамына резервден төмөнкүлөр киргизилсин: Абдухалилов Мамыт Абдылмажитович – “Эл үчүн” саясий партиясынан; Табалды уулу Мирлан – «Ата-Журт» мекенчил партиясы” саясий партиясынан;  Кенжебаев Икрамидин Тажибаевич – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

 

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 9-апрели

№ 44

Карап чыгуулар: (1652)