МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№45 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесиндеги 5-пунктка, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 25-апрелине дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону өткөрүү графиги бекитилсин (тиркелет).

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                           Т.АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2013-жылдын 9-апрели

№ 45

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 45 токтомунун

тиркемеси

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – Ысык-Көл облусунун
Каракол шаарынын мэрин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону өткөрүү графиги

  

Катар № 

Шаарлардын, айыл өкмөттөрүнүн аталышы

Шайлоону өткөрүү датасы

Ысык-Көл облусу                                       

  •  
  • Каракол шаары

       25 .04. 2013-жыл

    Чүй облусу

    Сокулук району

  •  
  • Төш-Булак айыл өкмөтү

       25.04. 2013-жыл

  •  
  • Саз айыл өкмөтү

       25.04. 2013-жыл

    Чүй району

  •  
  • Кегети айыл өкмөтү

       25.04. 2013-жыл

     Нарын облусу 

     Жумгал  району

  •  
  •  Миң-Куш айыл өкмөтү

        25.04. 2013-жыл

     

    Карап чыгуулар: (2059)