№4 Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине карата даттанууларды жана арыздарды иликтөө боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө |
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине карата бир нече ирет түшкөн даттануулардын жана арыздардын негизинде жана түзүлгөн кырдаалды жеринде иликтөө зарылдыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарына 2014-жылдын 13-15-февралында баруу менен, даттанууларды жана арыздарды карап чыгуу боюнча жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн: - Канат Азиз – Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү - Жумушчу топтун жетекчиси; - Сыдыков Марат Раимбекович – укуктук камсыздоо, окутуу жана кадрлар башкармалыгынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти – Жумушчу топтун мүчөсү; - Токтогулов Душанали Калдарович – Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Сузак аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү – Жумушчу топтун мүчөсү. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек шаары, 2014-жылдын 12-февралы
|
Карап чыгуулар: (1846) |