№ 48 2013-жылдын 15-апрелине дайындалган Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону убактылуу токтотуу жөнүндө |
Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясынын 2012-жылдын 7-декабрындагы №6 токтому менен депутат Нусубалиева Нурбүбүнүн ыйгарым укуктары аны Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу кылып дайындоого байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Жергиликтүү кеңештин бул токтомуна Н.Нусубалиева Нарын облусунун Жумгал райондук сотуна даттанган. Жумгал райондук соту Н.Нусубалиеванын 2013-жылдын 5-апрелиндеги арызын өндүрүшкө кабыл алган. Жумгал районунун аймактык шайлоо комиссиясы Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясынын 2013-жылдын 19-мартындагы №8 токтомунун көчүрмөсүн көрсөткөн, ага ылайык Н.Нусубалиеванын депутаттык мандатын калыбына келтирүү чечими кабыл алынган жана ал токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети кеңештин сессиясынын катчысы М.Сапаровага жүктөлгөн. Бирок токтомдун тиешелүү көчүрмөсүн жергиликтүү кеңештин төрайымы Б.Касымалиева ырастаган эмес. Анын оозеки ырастоосу боюнча, бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештин 2012-жылдын 7-декабрындагы №6 токтому күчүн жогото элек. Н.Нусубалиеванын арызында Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ж.Нураков менен Түгөл-Сай айылдык кеңешинин төрайымы Б.Касымалиева өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп жана калыбына келтирип жатат. Алсак, алты ай мурда Ж.Нураков менен Б.Касымалиева өзүнүн чечими менен депутат М.Жумалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон жана анын ордуна мандатты А.Тургуналиевге берген. 2013-жылдын апрель айынын башында А.Тургуналиевдин депутаттык ыйгарым укуктары кайрадан токтотулган жана М.Жумалиевдин депутаттык ыйгарым укуктары калыбына келтирилген. Н.Нусубалиева жергиликтүү кеңештин депутаты болуп санала тургандыгын же жоктугун жана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүгө укугу бар же жоктугун аныктоону өтүнөт. Өз кезегинде, Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ж.Нураков Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына ошол эле нерсени аныктоо өтүнүчү менен кайрылып, 2013-жылдын 15-апрелине дайындалган Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо Н.Нусубалиеванын депутаттык мандаты талаш-тартышты пайда кыла тургандыгын көрсөткөн. Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаттарынын эки мандаты боюнча ыйгарым укуктардын таандыктыгы жөнүндө маселенин белгисиздигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2, 9-пункттарын, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. 2013-жылдын 15-апрелине дайындалган Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо түзүлгөн кырдаалды бир жактуу аныктоого мүмкүндүк берген иш жүзүндөгү жагдайды аныктаганга чейин убактылуу токтотулсун. 2. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын аракеттеринин укукка ылайыктуулугун аныктоо боюнча маселени айкындоо жана иликтөө үчүн төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн: Бапанова Ж.Б., Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү – комиссиянын төрайымы; Асаналиев А.Т., Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү – комиссиянын мүчөсү; Бешкоруков О.М., Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын укуктук камсыздоо, окутуу жана кадрлар башкармалыгынын начальниги – комиссиянын мүчөсү. 3. Бул токтомдун көчүрмөсү Нарын облусундагы Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына – акимине, Түгөл-Сай айылдык кеңешине жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.Б.Бапановага жүктөлсүн. ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 12-апрели № 48
|
Карап чыгуулар: (2120) |