«Кыргызстан элдеринин союзу» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө |
“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 20-, 24- пунктчаларын, 27-беренесинин 1-, 2-,4-,11-пункттарын, 73-беренесинин 1-,3-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Кыргызстан элдеринин союзу» саясий партиясынан көрсөтүлгөн 120 санындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси катталсын (тизме тиркелет). 2. «Кыргызстан элдеринин союзу» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси “Эркин Тоо” газетасынын жакынкы номерине жарыялансын. 3. «Кыргызстан элдеринин союзу» саясий партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
ТӨРАГА А.САРИЕВ Бишкек ш., 2010- жылдын 5 -сентябры №201
|
Карап чыгуулар: (2211) |