Нарын облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 16-беренесинин 1-, 3-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы №133 токтому менен бекитилген “Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин” 1-, 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы №15 токтому менен бекитилген “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары жөнүндө Жобонун” 2.5, 2.9-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ 1. Нарын облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Дүйшө уулу Черикчи курамдан чыгарылсын; - жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Мамбеталиев Кыял Жумамүдүнович комиссиянын курамына резервден киргизилсин. 2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ Бишкек ш., 2010-жылдын 7-сентябры № 207
|
Карап чыгуулар: (2170) |