2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө |
“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6- жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ 1. Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдөн өкүлдөр аккредитациялансын: - Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин байкоочулар Миссиясынан (№ 1 тиркемеге ылайык – 13 адам); - ЕККУ/ДИАУБ (№ 2 тиркемеге – 2 адам); 2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин. 3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн. 4. Бул токтом ЖМКларга жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын мүчөсү А.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН Ж. АКМАТОВ милдетин аткаруучу Бишкек ш., 2010-жылдын 16-сентябры № 259
|
Карап чыгуулар: (4735) |