МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде кошумча шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин 21-беренесинин 5-пунктуна, 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык, чет өлкөлөрдүн аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

         1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде кошумча шайлоо участкалары түзүлсүн (тиркемеге ылайык).

         2. Санк-Петербург шаары,  Маданий Борбор, Харков көчөсүндөгү № 9 үйдө  жайгашкан мурда түзүлгөн участканын жайгашкан орду, Санк-Петербург шаары,  Невский проспекти 132/16, Кыргыз Республикасынын Ардактуу Консулдугуна алмаштырылсын.

         3. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде добуш берүү үчүн түзүлгөн кошумча участкалар жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

         4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жөнөтүлсүн.

         5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Д. Баялиновго жүктөлсүн.

 

 

         ТӨРАГА                                                           А. САРИЕВ 

 

         Бишкек ш., 2010-жылдын 6-сентябры

         № 206

Карап чыгуулар: (2191)