"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" коомдук бирикмесинин жана "Каганат" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөpү жөнүндө |
"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" коомдук бирикмеси жана "Каганат" саясий партиясы шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү бергендигине байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 26-беренесинин 3-,6-,7-пункттарына, 10- беренесинин 1-пунктунун 1-,3-,22-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ 1. Төмөнкү саясий партиялардын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу -"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" коомдук бирикмеси: - Токтосунов Кадырбек Садырбаевич; «Каганат» саясий партиясы: - Хамматов Равкат Гилмутдинович. 2. 2010-жылдын 13-августундагы №049, №059 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын. 3. Төмөнкү саясий партиялардын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталсын: -"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" коомдук бирикмеси: - Нефоросных Александр Васильевич; - «Каганат» саясий партиясы: - Курманбеков Болотбек Кайбылдаевич. 4. Саясий партиялардын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө ыйгарым 5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жарыялансын.
ТӨРАГА А.САРИЕВ Бишкек ш., 2010-жылдын 6-сентябры №203
|
Карап чыгуулар: (1781) |