Кыргыз Республикасынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемасын жана чек араларын бекитүү жөнүндө |
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пунктарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуучу шайлоочулардын добуштарын эсептөө жана добуш берүүнү өткөрүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча бирдиктүү шайлоо округу боюнча 2289 (эки миң эки жүз сексен тогуз) шайлоо участкаларынын схемасы жана чек арасы бекитилсин. 2. Шайлоо участкаларынын тизмеси алардын чек арасын көрсөтүү менен 2011-жылдын 5-августунан кечиктирбестен “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын. 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Т. Шаимкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов Бишкек ш., 2011-жылдын 1-августу № 76 |
Карап чыгуулар: (2685) |