Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө ЖОБО |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген
Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 29-июлундагы N 68, 2014-жылдын 29-декабрындагы N 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор. 2. Шайлоо комиссияларын түзүү шарттары жана тартиби. 3. Шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү, карап чыгуу шарттары жана тартиби. 4. Шайлоо комиссияларынын курамын өзгөртүү жана таркатуу тартибинин негиздери. 5. Корутунду жобо.
1. Жалпы жоболор
Ушул Жобо шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартибин аныктайт. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укугун жүзөгө ашырууну жана коргоону уюштуруучу жана камсыз кылуучу коллегиялдуу орган болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын төмөнкүлөр түзөт: 1) Борбордук шайлоо комиссиясы; 2) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары: Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча райондук жана шаардык шайлоо комиссиялары (мындан ары – аймактык шайлоо комиссиялары); 3) участкалык шайлоо комиссиялары. Шайлоо комиссиялары төмөнкү принциптер боюнча өз ишин жүзөгө ашырат: 1) мыйзамдуулук; 2) айкындуулук; 3) ачыктык; 4) көз карандысыздык; 5) коллегиялдуулук; 6) адилеттүүлүк. Шайлоо комиссиялары өздөрүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын (мындан ары – Конституция), “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамын, ”Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, ушул мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
2. Шайлоо комиссияларын түзүү шарттары жана тартиби
2.1. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 19-беренесинин 1-пунктуна ылайык аймактык, участкалык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү саясий партиялардын жана тийиштүү жергилктүү кеңештердин (коомдук бирикмелердин, шайлоочулардын чогулуштарынын сунуштарынын негизинде) көрсөтүүсү боюнча жүзөгө ашырылат. 2.2. аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн. 2.3. Эгерде аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнүн, референдум өнөктүгүнүн мезгилинде бүткөн учурда, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ошол шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү аяктаганга чейин узартылат. 2.4. Аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ушул жобонун 2.1 жана 2.2 - бөлүктөрүнүн талаптарын эске алуу менен, саясий партиялардын өкүлдөрүнөн жана тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардан он бир мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт. 2.5. Участкалык шайлоо комиссиясы ушул жобонун 2.1 жана 2.2-бөлүктөрүнүн талаптарын эске алуу менен саясий партиялардын өкүлдөрүнөн жана тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын резервинен жети мүчөдөн кем эмес курамда аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт. 3. Жогору турган шайлоо комиссиясы сунушталган талапкерлердин ичинен шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн бекитет. 4. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын резерви тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн каралган санынан кем эмес санда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн ичинен беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. 5. Эгерде саясый партиядан аймактык шайлоо комиссиясынын каралган мүчөлөрүнүн санынан ашыкча сунушталган учурда, анда тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрөт. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын курамына кирбеген саясый партиялардын өкүлдөрү, саясый партиялардан шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда чыккан учурда, бош орунду ээлөө үчүн саясый партиялардын резервин түзөт. 6. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны тийиштүү шайлоо участкасындагы шайлоочулардын санына карай Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан алардын жетүү мүмкүндүгүнө жана алыстыгына, транспорттун, байланыш каражаттарынын болушуна жана башка шарттарга жараша төмөнкүдөй аныкталат: 1) 0 дөн 500 шайлоочуга чейин – участкалык шайлоо комиссиясынын жетиден кем эмес мүчөсү; 2) 501 ден 1200 шайлоочуга чейин – участкалык шайлоо комиссиясынын тогуздан кем эмес мүчөсү; 3) 1201 ден көп шайлоочуга – участкалык шайлоо комиссиясынын он бирден кем эмес мүчөсү. 7. Борбордук шайлоо комиссиясы тийиштүү аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда, саясий партияларды, коомдук уюмдарды, шайлоочуларды аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын түзүү жана аларга көрсөтүү иштеринин башталышы тууралуу жалпыга маалымат каражаттары же башка ыкма аркылуу кабарландырат. Билдирүү шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлер жөнүндө сунуштарды берүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби тууралуу маалыматты камтышы керек. Шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү чечим, жергиликтүү кеңештин ачык сессиясын өткөрүүнүн алдыңкы күнү саат 18-00дөн кечиктирбестен тийиштүү жергиликтүү кеңешке берилиши керек. Жергиликтүү кеңештер келип түшкөн тартибинде шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү бардык чечимди каттоого милдеттүү. Шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди сунуштоо боюнча жергиликтүү кеңештин ачык сессиясы шайлоо комиссиясын түзгөн күнгө чейин 10 күн мурда өткөрүлөт жана сессиянын чечими бардык тапкерлердин документтери менен бирге тийиштүү шайлоо комиссиялардын жаңы курамын түзүү үчүн тийиштүү шайлоо комиссиясын түзүүчү жогору турган шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүлүп берилет. (8, 9, 10 пунктары КР Борбордук шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 29-дкабрындагы № 139 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 11. Тийиштүү шайлоо комиссиялары шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө бардык жазуу жүзүндөгү чечимди келип түшүү тартибинде каттоого милдеттүү. 12. Шайлоо комиссиялардын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү боюнча документтер, бардык талапкерлердин документтери менен бирге, тиешелүү шайлоо комиссияны түзүп жаткан жогору турган шайлоо комиссияга өткөрүлүп берилет. 13. Шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда бошотуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлоо же бошотуу үчүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамында каралган белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 14. Төраганын жана катчынын бошогон кызмат ордун ээлөө шайлоо тартибинде жүргүзүлөт. 15. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамы жана дареги жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан алар түзүлгөн күндөн тартып үч календарлык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат. 16. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын биринчи жыйналышы өткөрүлгөн күндөн тартып башталат жана аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын биринчи укук ченемдүү жыйналышынан кийин токтотулат. 17. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын курамынан чыкканда, анын ордун ээлөө ал чыккандан кийин үч күндөн кечиктирбестен 19-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарын эске алуу менен, тийиштүү шайлоо комиссиясын түзүүдө өткөрүлгөн чүчүкулактын кезектүүлүгүнө жараша резервден жана саясый партиялардын өкүлдөрүнүн резервинен жүргүзүлөт. 18. Саясий партиялар тарабынан тийиштүү шайлоо комиссиясынын зарыл сандагы өкүлдөрдү сунуш кылынбаган учурда шайлоо комиссиясын толуктоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрү тарабынан тийиштүү шайлоо комиссиясынын резервинен жүргүзүлөт. 19. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссиясын түзүүнүн жана ишинин тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өзүнчө жобо менен аныкталат. (КР Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 29-июлундагы N 68, 2014-жылдын 29-декабрындагы N 139 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүүнүн, кароонун шарты жана тартиби
1.“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 22-беренесинин 1-пунктуна ылайык, төмөнкүлөр аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөсү боло албайт: 1) Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; 2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; 3) судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; 4) талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү; 5) башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; 6) мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; 7) башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү. 2. Аймактык, участкалык бир шайлоо комиссиясынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайланышы мүмкүн эмес. 3. Шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүүдө көрсөтүү субьектилери шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер эрежеге ылайык тийиштүү калктуу пункттук аймагында жашоосу керектигин эске алуусу зарыл. 4. Шайлоо комиссияларын түзүүгө Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган, өзүнүн ишин мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырып жаткан саясий партиялардын гана катышууга укугу бар. 5. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиялар түзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен катталган саясий партиялар жөнүндө маалыматтарды сурайт жана аларды региондорго жөнөтөт. 6. Тийиштүү шайлоо комиссиянын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын, же анын региондук бөлүмүнүн чогулушуна (конференциясына) шайлоо комиссиясын түзүүчү жогору турган шайлоо комиссиясынын мүчөсү жана юстиция органдарынын өкүлү катышууга укуктуу. 7. Шайлоо комиссиясынын курамына талапкерди көрсөтүү жөнүндө ар бир протоколго талапкер тууралуу толук маалымат (фамилиясы, аты-жөнү, туулган датасы, билими, негизги иштеген же кызмат кылган жери, ээлеген кызматы (негизиги иштеген же кызмат кылган жери жок учурда – ишинин түрү), жашаган жеринин дареги, кызматтык же үй телефонунун номерлери, шайлоо өнөктүгүн уюштурууга жана өткөрүүгө катышуусу жөнүндө маалыматтар), тиешелүү шайлоо комиссиянын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенмеси тиркелиши керек. 8. Шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор: - саясий партиялардан, чогулуштун (конференциянын) төрагасынын, катчысынын колтамгалары жана саясий партиянын (же анын регионалдык бөлүмүнүн) мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; - шайлоочулардын чогулушунан: чогулуштун төрагасы жана катчысынын колтамгалары менен күбөлөндүрүлөт. Протоколго чогулуштун төрагасы жана катчысынын колтамгалары менен күбөлөндүрүлгөн жашаган жерин көрсөтүү менен чогулуштун катышуучуларынын тизмеси жана чогулуштун төрагасынын, катчысынын паспортторунун көчүрмөлөрү тиркелет. Көрсөтүүнүн протоколу тиешелүү жергиликтүү кеңешке жиберилет. 9. Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча түзүлүп жаткан шайлоо комиссиянын курамына шайланбай жана (же) киргизилбей калган талапкерлер, саясий партиялардан көрсөтүлгөн шайлоо комиссиянын айрым мүчөлөрү чыгып кеткен учурда, аларды шайлоо комиссиясынын курамына киргизүү үчүн резервди түзөт. Чүчүкулак өткөрүү зарылчылыгы келип чыккан учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйналышынын күн тартибине саясий партиялардан шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин ортосунда чүчүкулакты уюштурууну жана өткөрүүнү биринчи маселе катары киргизет жана бул тууралуу талапкерлерди көрсөткөн саясий партияларга милдеттүү түрдө билдирилет. Шайлоо комиссиясынын жыйналышы чүчүкулак өткөрүү үчүн өзүнүн курамынан (үч адам санында) комиссияны аныктайт. Чүчүкулак өткөрүү үчүн тийиштүү шайлоо комиссиясы эркин формада номерленген талондорду даярдайт (гильзалар, шарлар, жетондор ж.б.), алар эркин формадагы тунук эмес ящикке (барабанга) салынат. Ар бир саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү бир талонду (гильзаны, шарды, жетонду ж.б.) алып чыгат. Партиянын өкүлүнүн ыйгарым укуктары ал кызыкчылыгын коргогон саясий партия тарабынан анын фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жерин, ошондой эле чүчүкулакка катышуу үчүн жөнөтүлгөн шайлоо комиссиясынын аталышын көрсөтүү менен жазуу түрүндө күбөлөндүрүлүшү зарыл. Бул документ паспортту же аны алмаштыруучу документти көрсөткөндө жарактуу. Биринчи номерлерди алып чыккан тиешелүү шайлоо комиссиясынын 1/2 курамын түзгөн саясий партиялар чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча шайлоо комиссияга киргизилет. Калган талапкерлер чүчүкулактын протоколунда көрсөтүлгөн тартипте резервди түзөт. Чүчүкулактын натыйжалары боюнча протокол түзүлөт, ага чүчүкулакты өткөргөн комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чүчүкулактын натыйжалары менен таанышкандыгы жөнүндө протоколго кол коюшат. Эгерде, саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин саны шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлердин санынан аз болуп калса, тиешелүү шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн көрсөтүлгөндөрдүн ичинен талапкерлерди шайлоо комиссиянын курамына киргизүүгө укуктуу. Эгерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлер мыйзам боюнча талап кылынуучу сандан ашыкча сунушталган учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы бардык түшкөн сунуштарды талдап, түзүлүп жаткан шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди добуш берүү жолу менен тандайт. 10. Төмөн турган шайлоо комиссиясын түзүүчү шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйналышында көрсөтүү субъектилерден алынган шайлоо комиссияларынын курамдары жөнүндө материалдарды карайт. Мында шайлоо комиссиясы көрсөтүү субъектилери менен сунушталган тигил же бул талапкерди кабыл албай коюуга укуктуу, эгерде аталган талапкер шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе. Эгерде төмөн турган шайлоо комиссиясы тарабынан тигил же бул талапкерди четке каккан учурда, көрсөтүү субъектилери аталган талапкерлерди кайтадан шайлоо комиссиясынын курамына сунуштоого укуксуз. 11. Саясий партиялардан көрсөтүлгөн шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү чыккан учурда, жогору турган шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясын түзүүдө чүчүкулактын жыйынтыгында катар номери боюнча кийинки кезекти ээлеген саясий партиядан талапкерди шайлоо комиссиясынын курамына резервден киргизет. 12. Коомдук бирикмелерден жана шайлоочулардын чогулушунан көрсөтүлгөн шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү чыккан учурда, жогору турган шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясынын курамына талапкерди резервинен киргизет. 13. Резерв жок учурда жогору турган шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясынын курамына талапкерди саясий партиялардан, коомдук бирикмелерден жана шайлоочулардын чогулушунан тийиштүү шайлоо комиссиясына сунушталбаган, кайрадан көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен киргизүүгө укуктуу. 14. Шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген форма боюнча шайлоо комиссияларынын бекитилген курамына сапаттык анализ түзөт жана бекитилгенден кийин үч күндүк мөөнөттө бул маалыматтар кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. 15. Тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамына шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда терс негиздер боюнча бошотулган адамдар киргизилбейт. Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн адамдардын маалыматтык базасын жүргүзөт, анын ичине аймактык шайлоо комиссиялардын сунуштамалары кирет. (КР Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 29-июлундагы N 68, 2014-жылдын 29-декабрындагы N 139 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Шайлоо комиссияларынын курамын өзгөртүү жана таркатуу тартибинин негиздери
1. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй учурларда таркатылат: 1) тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын же шайлоо, референдумдун натыйжаларын жогору турган шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жараксыз деп табууга алып келген жарандардын шайлоо укуктары шайлоо комиссиясы тарабынан бузулганда; 2) мыйзамдын талаптарына ылайык кабыл алынган соттун же жогору турган шайлоо комиссиясынын чечимдерин шайлоо комиссиясы аткарбаганда; 3) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин талаптары бузулганда. 2. Тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясына аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө шайлоо комиссиясынын мүчөсү, шайлоо комиссиясы, ошондой эле талапкер, саясый партия арыз менен кайрылууга укуктуу. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндөгү арыз добуш берүү күнүнө же кайталап добуш берүүнү өткөрүүдө – бул шайлоо участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген кийинки мезгилге чейин он календардык күндөн кечиктирбестен, бирок кайталап добуш берүү датасынын күнүнө чейин жети календардык күндөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн. 3. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндөгү арыз кароого токтоосуз кабыл алынат жана ал боюнча чечим арыз берилген күндөн тартып эки календардык күндөн кечиктирбестен чыгарылат. 4. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, жогору турган шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жобосуна ылайык, жаңы курамдагы аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын түзөт. 5. Аны таркатуу жөнүндөгү чечим кабыл алынгандан кийин жаңы курамдагы аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы үч календардык күндөн кечиктирбестен түзүлүшү керек. 6. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу талапкердин же саясый партиянын өкүлүнүн ыйгарым укуктарынын токтолушуна алып келбейт.
5. Корутунду жобо Ушул Жобого өзгөртүү жана толуктоо Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен киргизилет. |
Карап чыгуулар: (2765) |