ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек шаарынын прокурору Т.А. Кожоновдон ЧЕЧТИ: 1. Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерликке “Республика” саясий партиясынан катталган Түлөбаев Балбак Зарлыковичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Бишкек шаарынын прокурору Т.А. Кожоновдун сунуштамасына макулдук берилсин. 2. Бул чечимдин көчүрмөсү Бишкек шаарынын прокуроруна жана маалымат үчүн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин. 3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш, 2012-жылдын 6-декабры |
Карап чыгуулар: (2363) |