ЧЕЧИМ № 27 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө |
2012-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылдык кеңешине Мамакеев көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин байкоочулары Т.Тукешевден, К.Каранаевден, Э.Доконбаевден, Т.И.Шабдановдон жана башкалардан арыз келип түштү, алар №3122 шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын добуштарын кайталап саноону өтүнгөн. Сунуш кылынган материалдардан №3122 шайлоо участкасында добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө процессинде укук бузуу орун алгандыгы жөнүндө 2012-жылдын 25-ноябрындагы акт белгиленген. Көрсөтүлгөн актынын участкалык комиссияда жана аймактык шайлоо комиссиясында катталган белгиси жок. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 28-ноябрындагы чечими менен №3120 Заря көп мандаттуу шайлоо округу жана №3122 Мамакеев көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлер У.Курманбаевге жана К.Урсеитовага шайлоо бюллетендерин кайталап саноону жүргүзүүдөн баш тартылган. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 28-ноябрындагы чечими менен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталган. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин, 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1, 2, 26-пункттарды, 2-бөлүгүндөгү 5-пунктту жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ЧЕЧТИ: 1. Теплоключенка айылдык кеңешине Мамакеев көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерге шайлоочулардын добуштарын кайталап саноону жүргүзүүдөн баш тартуу жагынан Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 28-ноябрындагы чечими жокко чыгарылсын, калган бөлүгү күчүндө калтырылсын. 2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн катышуусунда №3122 шайлоо участкасында шайлоочулардын добуштарын кайталап санасын. 3. Бул чечимдин көчүрмөсү Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана арыз ээлерине берилсин. 4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 5. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 6-декабры |
Карап чыгуулар: (2373) |