ЧЕЧИМ №30 Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын №№ 6074, 6076, 6084, 6090, 6095, 6098, 6099 шайлоо участкаларында добуштарды кайталап саноосу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына депутаттыкка талапкерлерден добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүүдө ылайык келбөөлөргө арыздар жана даттануулар, ошондой эле Талас облусунун Талас районунун №№ 6074, 6076, 6084, 6090, 6095, 6098, 6099 шайлоо участкаларында кайталап саноону жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөр келип түшкөндүгүнө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧТИ: 1. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясы №№ 6074, 6076, 6084, 6090, 6095, 6098, 6099 шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын, саясий партиялардын, талапкерлердин, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен добуштарды кайталап санасын. 2. Бул чечимдин көчүрмөсү Талас аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн. 3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 6-декабры |
Карап чыгуулар: (2359) |