МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

ЧЕЧИМ №5 А. Осмоновдун, Т. Зарлыковдун, М. Абдралиевдин арызын карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) 2013-жылдын 7-майында Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары-АШК) 2013-жылдын 6-майындагы чечимин карап чыгуу жөнүндө А. Осмоновдун, Т. Зарлыковдун, М. Абдралиевдин арызы келип түшкөн, анда арыз ээлери АШКнын чечимин жокко чыгарууну жана аларды Көк-Ойрок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо депутаттыкка талапкер катары катышууга жол берүүнү өтүнүшкөн.

А. Осмонов, Т. Зарлыков, М. Абдралиев Көк-Ойрок айылдык кеңешинин депутаттары болуп, жүйөөлүү себепсиз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого келбегендиктен жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоону үзгүлтүккө учуратышкандыгына байланыштуу жана анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 75 Жарлыгы менен Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши тарткатылгандыктан жана жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалгандыктан, Кемин АШКсы Борбордук шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 токтомун аткаруу максатында, 2013-жылдын 6-майындагы чечими менен жогоруда көрсөтүлгөн адамдарды Көк-Ойрок айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тарткан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1,2,26-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. А. Осмоновдун, Т. Зарлыковдун, М. Абдралиевдин Кемин АШКсынын 2013-жылдын 6-майындагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндө  арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2.  Бул чечимдин көчүрмөсү арыз ээлерине берилсин жана Кемин АШКсына жөнөтүлсүн

3. Бул чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 13-майы

Карап чыгуулар: (2495)