МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

ЧЕЧИМ № 9

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер                     А.Ш. Атамбаевдин өкүлү  Ж. Бейшекееванын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясына кайрылуусун карап чыгып, ошондой эле үгүт видеоматериалы – “Атамбаев” документалдуу фильмин көрүп, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ЧЕЧТИ:

 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. Ш. Атамбаевге үгүт материалын – “Атамбаев” документалдуу фильмин таркатууга уруксат берилсин.

2. Ушул чечим “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

 

 

     ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

 Бишкек ш.,

2011 – жылдын 27 - октябры

Карап чыгуулар: (2719)