ЧЕЧИМ № 29 |
Баткен облусунун Лейлек районунун № 8011 Интернационал шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүүдө ылайык келбөөлөргө арыздар жана добуштарды кайталап саноону жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөр келип түшкөндүгүнө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,26-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧТИ: 1. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы № 8011 шайлоо участкасында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын, саясий партиялардын, талапкерлердин, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен добуштарды кайталап санасын. 2. Бул чечимдин көчүрмөсү Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн. 3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2012-жылдын 6-декабры |
Карап чыгуулар: (2690) |