Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 |
2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгы боюнча, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Ч Е Ч Т И: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер: - шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 62,52% добушун алган А.Ш.Атамбаевге; - шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 14,78% добушун алган А.К.Мадумаровго; - шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 14,32% добушун алган К.К.Ташиевге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилсин. 2. Бул чечим “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси А.Т.Асаналиевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011-жылдын 15- ноябры |
Карап чыгуулар: (2439) |