Чечим № 15 |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары- Борбордук шайлоо комиссиясы) 2012-жылдын 19-ноябрында “Кыргыз Республикасынын транспортчулар партиясы” саясий партиясынын төрагасы Ж.Б. Бакировдон «РЕСПУБЛИКА» саясий партиясынын жетекчилиги жана өкүлдөрү тарабынан шайлоо алдындагы үгүттү укукка жат жүргүзгөндүгү жана “РЕСПУБЛИКА” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу өтүнүч арызы түшкөн. Кыргыз Республикасынын транспортчуларынын партиясы өз арызын чакыртып алган (тиркелет). Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан берилген финансалык документтерди жана 2012-жылдын 17-ноябрында уюштуруучу болуп “РЕСПУБЛИКА” партиясы чыккан ат спорттук иш чарасындагы көрмө жазууларды изилдөөнүн жүрүшүндө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн тартибин кыянаттык менен пайдалануу жана бузуу белгиленген (көрмө ролик жана финансалык документтер тиркелет). “РЕСПУБЛИКА” саясий партиясы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин талаптарын бузуу менен ипподромдо массалык иш чара өткөргөн, ага кирүү акысыз болгон. Мындан тышкары «РЕСПУБЛИКА» саясий партиясынын атынан ат мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө биринчи орунга сыйлыктар жана акчалай каражаттар тапшырылган. Ат чабыштын биринчи түрү боюнча – 103 000 (жүз үч миң) сом, ат чабыштын экинчи түрү боюнча – 78 000 (жетимиш сегиз миң) сом жана ар бир сыйлыкка кошумча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “РЕСПУБЛИКА” фракциясынын депутаттарынын атынан ат чабыштын ар бир жеңүүчүсүнө 5 000 (беш миң) сом берилген. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүндө белгиленген мамлекеттик органдардын кызматчылары үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуксуз экендигине карабастан Жогорку Кеңештеги “РЕСПУБЛИКА” фракциясынан депутаттары Султанбекова Ч.А., Сабиров М.Э., Эшимов А.Ж., Арипов Н.Т. мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырышты жана модератор накталай акчалай каражаттар “РЕСПУБЛИКА” саясий партиясынын атынан берилди деп жарыялады. Кыргыз Республикасынын спортунун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү Борборунун методисти Т. Асыгалиевдин берген түшүнүгүнө ылайык Жогорку Кеңештин депутаттары Ч.А. Султанбекова жана А.Т. Арипов “Көкбөрү” оюнундагы (улак тартыш) эки команданын оюнчуларына 150 000 (жүз элүү миң) сом накталай акча каражаттарын беришкен (тиркелет). Ошону менен Жогорку Кеңештин депутаттары Ч.А. Султанбекова, М.Э. Сабиров, Н.Т. Арипов акчалай каражаттарды төлөөнү белгиленген тартипте ишке ашырышкан эмес, мындайча айтканда “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 15-беренесинин, анда көрсөтүлгөн жарандар жана юридикалык жактан талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү ишке, шайлоо фонддору аркылуу гана каржылык (материалдык) жактан колдоо көрсөтүүгө укуктуулугу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө, шайлоо алдындагы башка иш чараларды ишке ашырууда, шайлоо фондуна түшкөн каражаттардан башкаларды пайдаланууга тыюу салынган талаптары бузулган. Мындан тышкары, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынан (КТРК) 2012-жылдын 17-ноябрындагы кат келип түшкөн, ага «Жалпыланган» деген аталыштагы үгүт ролиги бар эфирдин үзүндүсү тиркелген, хронометражы 60 секунда, ал эфирге чыккан (көрмө ролик тиркелет). «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренеси басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары жана алардын көчүрмөлөрү талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган тиешелүү шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш экендигин карайт. Жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бузуп, көрсөтүлгөн көрмө роликтин көчүрмөсү “РЕСПУБЛИКА” саясий партиясы тарабынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилген эмес. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы “РЕСПУБЛИКА” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө 2012-жылдын 17-ноябрында эскертүү берген (тиркелет). Үгүттүк роликте Россия Федерациясынын Премьер-министри Д.А.Медведевдин, ошондой эле Казакстан Республикасынын Президенти Н.А. Назарбаевдин сүрөттөрү бар көрмө материалдар колдонулган. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүндө башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөтүн пайдалануу менен фото жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдалануунун башка түрлөрүнө тыюу салынат деп белгиленген. КТРК обосунда көрсөтүлгөн “РЕСПУБЛИКА” саясий партиясы өзүнүн үгүт көрмө ролигиндеги Д.А. Медведевдин жана Н.А. Назарбаевдин сүрөттөрүн пайдалануу шайлоо мызамдарынын талаптарын бузуу деп саналат. Бул тууралуу дагы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы “РЕСПУБЛИКА” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө 2012-жылдын 19-ноябрында эскертүү берген (тиркелет). Жогоруда белгиленген көрмө роликте мурда Ө.Т. Бабанов жетектеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аткарган иши жөнүндө маалымат чагылдырылып, ал “РЕСПУБЛИКА” саясий партиясынын ишмердигинин жетишкендиктери жана ийгиликтери катары берилген. Ушундан улам, “РЕСПУБЛИКА” саясий партиясы партиянын жетечисинин кесиптик жана кызматтык милдеттери менен байланыштуу иштер жөнүндө малыматты жайылткан. Буга жол берилбейт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 22-бөлүгүнө ылайык, шайлоо алдындагы үгүт деп талапкерлердин кесипкөйлүк иши же алардын өзүлөрүнүн кызматтык (кызмат ордунун) милдеттери менен байланышпаган талапкерлердин иши жөнүндө маалыматтарды таратуу таанылат. Ушуга байланышуу, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы “РЕСПУБЛИКА” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө 2012-жылдын 19-ноябрында эскертүү берген (тиркелет). 2012-жылдын 14-ноябрында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилген “Жалпылаган” аттуу көрмө роликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткарган иштери жөнүндө көрмө материалдар пайдаланылган, жогоруда белгиленгендей буга жол берилбейт. Көрсөтүлгөн эскретүүлөр боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери жок. Жогоруда баяндалган кырдаалдарды, “РЕСПУБЛИКА” саясий партиясынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22,27,28-беренелери менен белгиленген шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу фактыларын жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан арыздар боюнча эскертүүлөр түшпөгөндүгүн эске алуу менен, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15,22,27,28-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2,3,5-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. «РЕСПУБЛИКА» саясий партиясына шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү берилсин. 2. Бул чечимдин көчүрмөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана «РЕСПУБЛИКА» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жиберилсин. 3. Бул чечим “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Т. Асаналиевге жүктөлсүн. ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2012 -жылдын 21- ноябры |
Карап чыгуулар: (2696) |