МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 116 Кошумча шайлоо бюллетендери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 3-бөлүгүнө, 15-беренесинин 5-пунктуна ылайык шайлоочулардын акыркы тизмесинин түзүп, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2015-жылдын 24-сентябрына чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнөтүүгө милдеттүү болчу.

2 757 829 адамдан турган шайлоочулардын акыркы тизмеси Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2015-жылдын 25-сентябрында саат 14төн 30 мүнөт өткөндө тапшырылган жана 0,1 пайызды эсепке алуу менен 2 768 305 нускадан турган шайлоо бюллетендери басып чыгарылган жана аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлгөн.

Ошол эле мезгилде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2015-жылдын 26-сентябрында саат 19.00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясына шайлоочулардын өзгөрүлгөн акыркы тизмесин 3 468 шайлоочуга көбөйтүп кайрадан жөнөткөн.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы мурда сунуш кылган маалымат боюнча бюллетендендин санына 0,1 пайызын эсепке алуу менен басып чыгарылгандыктан 3 468 сандагы нускадан турган кошумча шайлоо бюллетендери басып чыгарылбасын.
  • Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. 
  •  

    ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ

     

    Бишкек ш., 2015-жылдын 28-сентябры

    Карап чыгуулар: (1517)