МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 117 Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэри К. Кулматовго эскертүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Е.Дж.Джилкичиевадан кайрылуу келип түшкөн. Кайрылууда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-пунктун бузган Бишкек шаарынын мэри К.Кулматовдун аракеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү менен кайрылган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  • Бишкек шаарынын мэри К. Кулматовго шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү берилсин.
  • Бул чечимдин көчүрмөсү Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлсүн.Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Н.А. Ашимовага жүктөлсүн. 
  •  

    ТӨРАГА                                                                           Т. АБДРАИМОВ 

     

    Бишкек ш., 2015-жылдын 28-сентябры

    №  117

    Карап чыгуулар: (1516)