№ 129 Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн «Ата-Мекен» саясий социалистик партиясын эскертүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек шаарынын 5-кичи районунун №72/1 үйдүн жашоочуларынан даттануу, «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан арыз жана Бишкек шаарынын мэриясынан кат келип түшкөн. Көрсөтүлгөн дарек боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынын шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери бузулгандыгы аныкталды. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 1-октябры № 129 |
Карап чыгуулар: (1378) |