МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 12 Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына  «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы тарабынан Ош аймактык шайлоо комиссиясына берилген талапкерлердин тизмеси жана талапкерлердин арыздары дал келбегендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, талапкерлердин тизмесин жана талапкерлердин арыздарын тактап берүүнү “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талап кылган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2016-жылдын 6-апрелинде (чыг.№20) “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясынан талапкерлердин такталган арыздары менен Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө такталган сунуш түшкөн. 

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

 1. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын 2016-жылдын 6-апрелиндеги (чыг.№20) такталган сунушу канааттандырылсын.

2.Өнүгүү Прогресс” саясий партиясынын чечимин жана талапкерлердин арыздарын канааттандыруу жөнүндөгү Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 31-мартындагы № 19/2 чечиминин талапкерлердин кезектүүлүгүн өзгөртүү боюнча бөлүгү жокко чыгарылсын.

 3. “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүккө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

-       Мамитбаев Алымбек Мамитбаевич - № 2 ден № 5 ге;

-       Капаров Ильгиз Толонович - №5 ден № 2 ге;

-       Жолдошова  Жазгул  Расуловна - № 6 дан №8ге;

-       Айтиев Алмазбек Эсенович -№ 7 ден № 26 га;

-       Сайдысманов Султанхужа Еркинович -№ 8 ден №11 ге;

-       Хакимов Хатам Мамиржанович -№ 11 ден № 4 кө;

-       Абдурахманов Азамжан Абдурахимович -№ 26 дан № 6 га;

-       Абдираев Парпи Арыккозуевич – №4 дөн №7 ге;

4. “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесине ушул чечимдин 1,2-пунктуна ылайык, өзгөртүүлөр киргизилсин. “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясынан депутаттыкка катталган талапкерлеринин тизмеси, киргизилген өзгөртүүлөр менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркелет).

5. Бул чечимдин көчүрмөсү Ош аймактык шайлоо комиссиясына жана “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясына жиберилсин.

6. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                               Т. АБДРАИМОВ

 

 

Карап чыгуулар: (1575)