МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 132 «Кыргызстан» саясий партиясына эскертүү берүү жөнүндө

“akipress.kg” интернет-сайтында 2015-жылдын 1-октябрында экс-муфтий, Кыргызстан мусулмандар диний Башкармалыгынын анык мүчөсү  Чубак ажы Жалиловдун дилмаеги жарыяланган, анда шайлоо мыйзамдарына туура келбеген«Кыргызстан» саясий партиясынын жана депутаттыкка талапкер Ш.Абдыкеримовдун пайдасына карата үгүт иштери жүргүзүлгөн.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелеринин сакталышын контролдоочу Жумушчу топтун «Кыргызстан» саясий партиясы тарабынан шайлоо алдындагы үгүт  иштерин жүргүзүүнүн эрежелеринин кайрадан бузулгандыгы аныкталгандыгына таянып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Кыргызстан» саясий партиясына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү берилсин.
2. Бул чечимдин көчүрмөсү “Кыргызстан” саясий партиясына жөнөтүлсүн. 

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелеринин сакталышын контролдоочу Жумушчу топтун жетекчиси Н.А.Ашимовага жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                   Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., «1»  октябрь 2015-жыл

№ 132 

Карап чыгуулар: (1490)