№ 133 «Республика – Ата Журт» саясий партиясы шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө |
«Республика – Ата Журт» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө басылманы (akipress 29.09.2015-ж., НТС телеканалында 30.09.2015-ж.) массалык маалымат каражаттарынан таратып жибергендигине байланыштуу, муну Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү камсыз кылган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнө жана бүтүндөй мамлекеттик органга карата басым көрсөтүү катары баалайт. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7-беренелерин, 12-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. «Республика – Ата Журт» саясий партиясына шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн эскертүү берилсин. 2. Бул чечимдин көчүрмөсү «Республика – Ата Журт» саясий партиясына жөнөтүлсүн. 3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2015-жылдын 1-октябры № 133 |
Карап чыгуулар: (1461) |