№ 144 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн арыздар жана даттануулар жөнүндө |
2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2015-жылдын 3-6-октябрында 31 арыз жана даттануу келип түштү, анын ичинен 6 арыз сотто каралып, арыздарды канааттандыруудан баш тартылганы – 4 жана кароосуз калтырылганы – 2. Шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна карата түшкөн арыз жана даттануулар төмөнкүдөй болуп топтоштурулду: добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндөгү арыздарда кол тамгалардын жоктугу, же кол тамгалар бир эле кол менен коюлганы; шайлоочулардын тизмесинен шайлоочулардын чыкпай калышы; саясий партиялардан байкоочуларды каттоодон баш тартуу; шайлоо участкаларында үгүт иштерин жүргүзүү; шайлоо участкаларына адамдарды топ-тобу менен ташып келүү; шайлоочулардын добушун сатып алуу; идентификациядан өтүп чек алгандан кийин идентификациялык техникалык каражаттардын иштебей калуусунан шайлоочуга добуш берүүгө уруксат берилбей калышы боюнча даттануулар. Арыздар жана даттануулар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жана алар таянган бардык далилдери менен кошо тапшырылгандыгына, ошондой эле айрым арыздарды башка мамлекеттик органдар кароого тийиш экендигинебайланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана ререндум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына төмөнкүлөр өткөрүлүп берилсин: Кубанычбек уулу Б. акт (кир.04.10.2015-ж.№ 01-1/15-1704), «Республика –АтаЖурт» саясий партиясынын арызы (кир. 04.10.2015-ж.№ 01-1/14-1712), А.Шантаеванын арызы (кир.04.10.2015№ 01-1/11-1717), Н. Жусубалиеванын арызы (кир.05.10.2015-ж.№01-1/11-1744), Л. Бусурмановага даттануу (кир.05.10.2015-ж.01-1/11-1728), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин арызы (кир. 03.10.2015-ж. №01-1/9-1687). 2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине “Азаттык” саясий партиясы (кир. № 01-1/14-1716 / 04.10.2015-ж.) арызы берилсин. 3. Маалымат катары кабыл алынсын: “Республика–Ата Журт” саясий партиясынын арызы (кир. № 01-1/14-713 / 04.10.2015-ж.), “Ар-Намыс” партиясынын даттануусу (кир. № 01-1/14-1710 / 04.10.2015-ж.), “Ар-Намыс” саясий партиясынын даттануусу (кир. № 01-1/14-1715 / 04.10.2015-ж.), “Таза Шайлоо” ассоциациясынын кайрылуусу (кир. № 01-1/13-1748 / 06.10.2015-ж.). 4. Калган бардык даттануулар, арыздар жана кайрылуулар боюнча сунуш кылынган жооп каттардын долбоорлору бекитилсин. 5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 6. Аталган чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн. ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 7- октябрь 2015-жыл № 144 |
Карап чыгуулар: (1528) |