МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 146 «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына сунуш кылынган талапкерлердин тизмесинен Сабирова Хулкарпаша Имамалиевнаны чыгарып салуу жөнүндө

«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына сунуш кылынган талапкерлердин тизмесиндеги Сабирова Хулкарпаша Имамалиевнанын башка өлкөнүн жарандыгы бар болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70,73-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүңдө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 21, 46-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Сабирова Хулкарпаша Имамалиевна талапкерлердин тизмесинен чыгарып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы  «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө» № 68 чечиминин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Х.И.Сабированы каттоо бөлүгү жокко чыгарылсын.
3. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги талапкер Х.И. Сабировага берилген күбөлүк бул чечим күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 14-октябры

№ 146

Карап чыгуулар: (1382)