№ 159 «Республика-Ата Журт» » саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө арызын кайтарып берүү тууралуу |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту өзүнүн токтомунда «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө арызы юридикалык күчү жок арыздарда негизделгендигин аныктагандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 45-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 22-октябрындагы ЖИ № 5-2222/15, ЖИ № 5-2223/15, 2015-жылдын 23-октябрындагы ЖИ № 05-2226/15, ЖИ № 5-2221/15, ЖИ № 5-2227/15 токтомдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумөткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ 1. «Республика-Ата Журт » саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен талапкерлер А.Т. Абжалиевди, К.Т. Зулушевди, А.Ж. Исмаилованы, Ж.А. Саматовду, Р.М. Туманбаеваны, З.Э. Шараповду чыгаруу жөнүндө сунуштамаларынын бөлүгүндөгү арызы кайтарылып берилсин. 2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш, 2015-жылдын 27-октябры № 159 |
Карап чыгуулар: (1517) |