№ 15 2016-жылдын 27-мартындагы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынын даттанууларын карап чыгуу жөнүндө |
«Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2016-жылдын 1, 4-апрелинде келип түшкөн арыздарында (кир. №№01-14/322, 01-14/333), алар жараксыз шайлоо бюллетендерди кайра саноо маселеси боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ч.Жыргаловдун аракетсиздигине, «Замандаш», «Кыргызстан», «КСДП» жана «Республика-Ата-Журт» саясий партиялар тарабынан сатып алуу фактылар боюнча туура чечим кабыл алууну суранышкан. Материалдардын курамында 10 арыздын, 8 акттын, АШКнын төрагасына жана Балыкчы шаардык сотуна берилген арыздын көчүрмөлөрү камтылган. Түшкөн кайрылууларды карап чыгып, далилдердин, инстанцияларды жана арыздарды берген даталарды аныктоого мүмкүнчүлүгү жок болгондугуна байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынын арыздарын (кир. №№ 01-14/322, 01-14/333) канааттандыруудан баш тартылсын. 2. Бул чечимдин көчүрмөсү Балыкчы шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана арыз ээсине берилсин. 3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 11-апрели № 15 |
Карап чыгуулар: (1429) |