№ 18 Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.Б.Таабалдиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн Ак-Ордо турак жай массивинин жашоочулары А.Көкүмованын, Г.Сейдакматованын даттануусу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн Ак-Ордо турак жай массивинин жашоочулары А.Көкүмованын, Г.Сейдакматованын Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.Б.Таабалдиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу даттануусу келип түшкөн. Алар өз даттануусунун негиздемеси катары, Ак-Ордо турак жай массивинин “498-контур” боюнча кварталдын кызматкеринин милдетин аткаруучусу С.Б. Табалдиев, кварталдын кызматкери катары милдетин аткарбаганын, жергиликтүү комитетке отчет бербегенин жана жергиликтүү биримдиктин жыйынына катышпагандыгы көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумуна арыз ээлери жана кызыкдар тараптар келген жок. Отурумдун күнү жана убактысы жөнүндө тийиштүү түрдө маалымдалган. Даттануу боюнча материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкердин каттоосун жокко чыгаруу үчүн шайлоо мыйзамында көрсөтүлгөн негиз жок экендигин белгилейт. Арыз ээлери тарабынан, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинде белгиленген талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө даттануулар менен кайрылуунун тартиби бузулган. Ошону менен бирге, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу үчүн толук берилген болуп саналат. Жогоруда баяндалгандарды, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессиниин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу тобунун, Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн Ак-Ордо турак жай массивинин жашоочулары А.Көкүмованын, Г.Сейдакматованын Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.Б.Таабалдиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу даттануусу жөнүндө чечимин эске алып, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 1,2- бөлүгүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.Б. Таабалдиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн Ак-Ордо турак жай массивинин жашоочулары А.Көкүмованын, Г.Сейдакматованын даттануусун канааттандыруудан баш тартылсын. 2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучулардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси А.Асаналиевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА Бишкек ш, 2017-жыл 20- май № 18 |
Карап чыгуулар: (1189) |