МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 1 В.П. Барковскийдин арызын карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2015-жылдын 6-февралында Барковский Владимир Петровичтен, анын депутаттык статусун калыбына келтирүү өтүнүчү менен арызы түшкөн. 

Болгон материалдардан В.П. Барковскийге карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу, Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин № 3 төрт мандаттуу шайлоо округу боюнча пайда болгон бош депутаттык мандат, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу” № 63 токтому менен ошол эле округдун тизмеси боюнча кийинки талапкерге өткөрүлүп берилгендиги аныкталган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  • В.П. Барковскийдин арызын канааттандыруудан баш тартылсын.
  • Бул чечимдин көчүрмөсү арыз ээсине берилсин.
  • Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
  •  

      ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

     

    Бишкек ш., 2015-жылдын 11-февралы

    № 1

     

    2015-жылдын 11-февралында жарыяланды

    Карап чыгуулар: (2083)