№ 20 «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБнын байкоочуларынын Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине карата түшкөн даттанууларын карап чыгуу жөнүндө |
2016-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБнын байкоочуларынын Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине карата даттануулары (кир. № 01-13/337, № 01-13/338 ) келип түшкөн. Ал даттанууларында №№ 5286, 5282, 5272 шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын эсептөө учурунда, шайлоо бюллетендеринин саны чектердин саны менен дал келбегендиги, контролдук катыштардын көптөгөн дал келбестиктери, № 5284 шайлоо участкасында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү учурунда шайлоочуларга ким үчүн добушту берүү боюнча көрсөтмө бергендиги жана үгүт иштерди жүргүзгөндүгү аныкталгандыгы туралуу көрсөтүлгөн. 2016-жылдын 31-мартындагы жыйынтыктоочу отурумунун жүрүшүндө “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБнын байкоочуларынын даттанууларын Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы карап чыгып, чектер менен контролдук катыштардын дал келгендигин жана шайлоо участкасында добуш берүү жыйынтыктарына таасирин берген үгүт иштерин жүргүзүү фактылары жок болгондугун чечиминде көрсөтүп, даттанууларын канааттандыруудан баш тарткан. Ушуга байланыштуу, арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын даттанууларды карап чыгып, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын жогорудагы чечимин жокко чыгарып, көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды кайрадан карап чыгып, мыйзам бузууларды жокко чыгаруу үчүн зарыл чараларды көрүүнү өтүнгөн. Арыздар, даттануулар жүйөөлүү болуп жана алар, негиз болгон далилдер менен бирге берилишине тийиш экендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБнын байкоочуларынын даттанууларын (кир. № 01-13/337, 01-13/338) канааттандыруудан баш тартылсын. 2. Бул чечимдин көчүрмөсү Ош аймактык шайлоо комиссиясына жөнөлтүлсүн жана арыз ээлерине берилсин. 3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 11-апрели № 20 |
Карап чыгуулар: (1431) |