№ 24 2016-жылдын 15- майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражатын аккредитациялоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоого, “Слово Кыргызстана” басма үйү мекемеси тарабынан аккредитациялоого берилген документтерин карап чыккан Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын маалыматтык саясат жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн сунушунун негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7 беренесинин 21-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоого “Слово Кыргызстана” басма үйү мекемеси аккредитациялансын. 2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ А.ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 13-апрели № 24 |
Карап чыгуулар: (1512) |