№ 255 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Талас облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы №213 жана 2016-жылдын 27-октябрындагы №233 Жарлыктары менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас райондорунун 34 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү. Талас, Бакай - Ата, Кара-Буура, Манас аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан берилген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Талас облусунун : - 2016-жылдын 14-декабрындагы Талас аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Ой, Бердике Баатыр, А.Нуржанов, Долоно, Калба, Жергетал, Кара-Суу, Өмүралиев, Куугандык, Арал, Айдаралиев, Осмонкулов, Бекмолдо айылдык кеңештеринин. - 2016-жылдын 14-декабрындагы Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын: Оро, Боо-Терек, Миң-Булак, Бакай-Ата, Акназар, Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш, Ак-Дөбө айылдык кеңештеринин. - 2016-жылдын 14-декабрындагы Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын: Көк-Сай, Маймак, Ак-Чий, Бакайыр, Аманбай, Чолпонбай, Кара-Буура айылдык кеңештеринин. - 2016-жылдын 14-декабрындагы Манас аймактык шайлоо комиссиясынын: Кайынды, Покровка, Үч-Коргон, Май, Кыргызстан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнун жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин. 2. Бул токтомдун көчүрмөсү Талас, Манас, Бакай-Ата, Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин. 3.Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын. 4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 24–декабры № 255 |
Карап чыгуулар: (1342) |