МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 259 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 213 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык, Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 10 шайлоо участканы камтыган 1 бирдиктүү шайлоо округ түзүлгөн.

Аксы аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан берилген Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37,40,56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 14-декабрындагы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жана Кербен шаардык кеңешине жиберилсин.

3. Аксы аймактык шайлоо комиссиясына депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 24-декабры

№ 259

Карап чыгуулар: (1331)