МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 274 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы №213 жана 2016-жылдын  27-октябрындагы № 233 Жарлыктары  менен дайындалган Чүй облусунун  Чүй, Жайыл, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун 50 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык, шайлоо өткөрүү үчүн төмөнкү аймактарда: Чүй районунун Сайлык, Искра, Кош-Коргон, Онбир-Жылга, Шамшы, Ибраимов, Кегети, Бурана, Ак-Бешим жана Чүй айылдык кеңештеринде 30 шайлоо участогун камтыган 21 көп мандаттуу шайлоо округу, Жайыл районунун Ак-Башат, Сары-Коо, Кара-Суу, Степной, Жайыл, Сосновка, Сары-Булак, Талды-Булак, Суусамыр айылдык кеңештеринде 25 шайлоо участогун камтыган  22 көп мандаттуу шайлоо округу, Ысык-Ата районунун Кең-Булуң, Ивановка, Сын-Таш, Юрьевка, Нурманбет, Красная речка, Кочкорбаев, Жээк, Ак-Кудук, Бирдик, Узун-Кыр, Интернационал, Туз, Ысык-Ата, Люксембург, Логвиненко, Ново-Покровка айылдык кеңештеринде 51 шайлоо участогун камтыган 45 көп мандаттуу шайлоо округу, Аламүдүн районунун  Төмөнкү Аларча, Маевка, Ала-Арча, Октябрь, Васильевка, Гроздь, Ленин, Байтик, Ак-Дөбө, Аламүдүн, Лебединовка, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Таш-Дөбө айылдык кеңештеринде 50 шайлоо участогун камтыган 46 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлгөн.

 Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Чүй, Сокулук, Жайыл, Ысык-Ата жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары берген  протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун:

- 2016-жылдын 15-декабрындагы Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын: Сайлык, Искра, Кош-Коргон, Онбир-Жылга, Шамшы, Ибраимов, Кегети, Бурана, Ак-Бешим жана Чүй айылдык кеңештеринин;

- 2016-жылдын 14-декабрындагы Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын: Ак-Башат, Сары-Коо, Кара-Суу, Степной, Жайыл, Сосновка, Сары-Булак, Талды-Булак, Суусамыр айылдык кеңештеринин;

- 2016-жылдын 15-декабрындагы Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын: Кең-Булуң, Ивановка, Сын-Таш, Юрьевка, Нурманбет, Красная речка, Кочкорбаев, Жээк, Ак-Кудук, Бирдик, Узун-Кыр, Интернационал, Туз, Ысык-Ата, Люксембург, Логвиненко, Ново-Покровка айылдык кеңештеринин;

- 2016-жылдын 14-декабрындагы Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын: Төмөнкү Аларча, Маевка, Ала-Арча, Октябрь, Васильевка, Гроздь, Ленин, Байтик, Ак-Дөбө, Аламүдүн, Лебединовка, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Таш-Дөбө айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Чүй, Жайыл, Ысык-Ата жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

3.Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                        Н.ШАЙЛДАБЕКОВА   


Бишкек ш., 2016-жылдын 26 -декабры

№ 274

Карап чыгуулар: (1410)