№ 281 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы №213 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык, шайлоо өткөрүү үчүн Фрунзе айылдык кеңешинде 4 шайлоо участогун камтыган 4 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлгөн. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.Чүй облусунун Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 22-декабрындагы Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин. 2. Бул токтомдун көчүрмөсү Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына жана Фрунзе айылдык кеңешине жиберилсин. 3. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын. 4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА Бишкек ш., 2016-жылдын 30-декабры № 281 |
Карап чыгуулар: (1340) |