№ 38 “Эл добушу” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
“Эл добушу” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүнүн жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1, 2, 3, 4, 5 жана 19-бөлүктөрүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3, 18-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. “Эл добушу” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Рябкова Ольга Павловна катталсын. 2. “Эл добушу” саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Иманканова Разгуль Шерботоевна катталсын. 3. “Эл добушу” саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин. 4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди кабыл алуу, аларда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2015-жылдын 3-августу № 38
|
Карап чыгуулар: (1781) |