№ 3 Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 чечимин жокко чыгаруу тууралуу Кант шаарынын мэри кызмат ордуна талапкер М.Асымкуловдун 2017-жылдын 26-январындагы даттануусу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. Кант шаарынын мэри кызмат ордуна талапкер М.Асымкуловдун Ысык-Ата АШКнын Кант шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу тууралуу чечимин жокко чыгаруу боюнча талаптарын канааттандыруудан баш тартылсын. 2. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына мындан ары мэрдин жана айыл өкмөтүнүн башчыларынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоодо мыйзамдардын мөөнөттөрдү колдонуу бөлүгүн бузууга жол берилбестиги көрсөтүлсүн. 3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана башка шайлоо процессине катышуучулардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси – А. Асаналиевге жүктөлсүн.
Төрага Н.Шайлдабекова
Бишкек ш, 2017-жылдын 27- январы № 3 |
Карап чыгуулар: (1401) |