№ 42 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) уюштуруучуларына жана катышуучуларына кайрылуусу жөнүндө |
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2,23-пункттарын жетекчиликке алып, 2016-жылдын 11-декабрында өтө турган референдумду уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги баскычтары жөнүндө жарандарды, шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрүн, саясий партиялардын, массалык маалымат каражаттардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн жана референдумдун катышуучуларын маалымдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) уюштуруучуларына жана катышуучуларына кайрылуусу жактырылсын. 2. Бул кайрылуу борбордук жана регионалдык массалык маалымат каражаттарында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА Бишкек ш., 2016-жылдын 4-ноябры № 42 |
Карап чыгуулар: (1203) |