№ 43 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүн кыскартуу жөнүндө |
Референдумдагы добуш берүү күнү 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүү күнү менен айкалышкандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин, Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1.Референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттөрдөн тышкары, жарымына кыскартылсын. 2. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 4-ноябры № 43 |
Карап чыгуулар: (1336) |